Жаңылыктар
Түркияга жардам: атайын эсепке 90 млн сом түштү
Кырсык
Түркияга жардам: атайын эсепке 90 млн сом түштү

2-мартка карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 90 миллиодон ашуун сом, 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. 

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.