Жаңылыктар
Өлкөдө өндүрүш аймагын куруу зарыл
Экономика
Өлкөдө өндүрүш аймагын куруу зарыл

Кыргызстанда өндүрүш аймактарын куруу - экспорттун көлөмүн жогорулатууга шарт түзөт. Бул тууралуу биздин каналга экономика министринин орун басары билдирди. Данияр Иманалиев ырастагандай, экономикалык глобалдашуунун алкагында, өндүрүш аймактарын куруу - коңшу мамлекеттер менен болгон рыноктук атаандаштыкка негиз боло алат.

Ага ылайык, Анкарада өткөн бизнес форумда жетишилген макулдашуу жакынкы аралыкта ишке ашат. Тагыраагы, кыргыз-түрк биргелешкен өндүрүш аймагын борбор калаада же Чүй облусунун тегерегинде куруу пландалып жатат. Адистер билдиргендей, экспорттун көлөмүн жогорулатууга реэкспорт тоскоолдук кылып келет. Кыргызстан 20 жылдан бери башка өлкөнүн продукциясын импорттоп, аны кайра иштетпестен эле үчунчү өлкөгө сатуу менен алектенип калган. Мындан улам, экспорттун көлөмү импортко караганда 2-3 эсеге аз.