Жаңылыктар
Махмудов менен Власов Алматыда беттешет
Спорт
Махмудов менен Власов Алматыда беттешет

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власовдун беттеши өтө турган жери белгилүү болду.

Күрөш 26-апрелде Поддубный Wrestling League эл аралык күрөш лигасынын кезектеги кечесинин алкагында Алматы шаарында (Казакстан) өтөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 12 күрөштөн турган турнирге дүйнөнүн алдыңкы - Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдова, Жапония жана Россиянын балбандары катышат.