Жаңылыктар
Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган  жай табылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды алууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК инженердик-сапердук тобу менен, 2023-жылдын 2-мартында Чүй облусунун Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан аянттын түндүк-чыгыш тарабында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.Ал жайда, желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал) - 1 даана, револьвер тапанчасы - 1 даана, Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ) - 1 даана, ПМдин магазини - 1 даана табылган, ПМдин травматикалык патрондору - 7 даана (9мм), аңчылык патрондору - 10 даана (16 калибр) жана 5,45 калибрдеги - 88 даана патрондор табылган.

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылышынын боюнча Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан материалдар маалыматты каттоо журналына катталды. Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.