Жаңылыктар
Басма сөзгө баяндама: Максимдин иштерин Айбек Калиев улантуудабы?
Саясат
 Басма сөзгө баяндама: Максимдин иштерин Айбек Калиев улантуудабы?

Бүгүн Азия Ньюс: Президентти подставит эткен Албек Ибраимов деген теманын алдында жарык көрдү. Андан ары Каныбек Иманалиев канча партияга тийип чыккан, Минюсту алга жылдырган Жылдыз айым, Максимдин иштерин Айбек Калиев улантууда, барган сайын Темир Сариев саясатчыларды коңулга тартып арбып атат, Тулеевден карызын өндүрө албай жүргөн Нургазы Айдаров, Турдукан айым докторлугун жактаса, Абдуллаева алапайын таппай жүрөбү, Ноокаттыктардын таянар тоосуна айланган Төрөбай Зулпукаров дегенди алгачкы бетине жазды.

Атамбаев болбосо Убактылуу өкмөт мүчөлөрү элдин канын сормок деген теманы коюп окурмандарга салам дуба жиберген Карыбай Турусбековдун да макаласына орун берди. Андан ары  ЖКнын депутаты Таабалды Тиллаев министр Замирбек Айдаровдон шектенип турабыз деген аталышта маек курган. Бул маекте министр Замирбек Айдаровдун чет элдик фирманын Лексус унаасын убактылуу минип алышы деле чоң күмөн жаратып жатканын,  бул мыйзамсыз экендигин, “Чайна роуд” компаниясы Кыргызстанда көп жолдорду куруп жаткан компания, эгер алардын машинасын минип алса, ошол эле алар курган жолду министрлик кабыл алаарын, демек шектүү ойлор бар экенин, мындан тышкары башка министрликтердеги кызматтардын башчылары да чет элдик фирмалардын машинелерин минип жүрүшөт деген маалыматтар түшүүдө деп, дагы көп нерселердин бети ачылаарын айткан..Ошондой эле азыркы жол министри Айдаровдон Балыкчы- Корумду жолу боюнча да шектенип жаткан ойлорун бул ишти иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөсү катары ортого салган.

 Азия Ньюстан көлөмдүү маек: Саясатчыларга кошулуп алып, былжырап жүргүм келбейт” деген аталышта экс министр Мелис Турганбаевден алынган. Маектешке бир топ  маселердин тегерегинде суроолор берилген мисалы, кызматтан кеткенден кийин ардагерлер арасындагы мелдештердин деңгээлин көтөрүп жатканын, кызматым элге керек болсо кайтып келсе деле болоорун, бирок саясатчылардын психологиясын өздөштүрүп койгондуктан саясатка  барбай турганын, анткени көпчүлүгү эл үчүн кызмат кылалы дегендин ордуна бийликке жетсем болду дешип, көбү өз көмөчүнө күл тартуу менен алек болуп жатышкандыктан кашыктап топтогон кадыр баркын чөмүчтөп төгүп салгысы келбестигин, бүгүнкү күндө чоңбу же кичинесиби бир да кишинин дооматы жок экенин, отставкага кеткенине өкүнбөсүн азыркы министрге тийишпей жайына коюп иштетиш керектигин, Көчмөндөр оюну дүйнөгө дүң дей түшкөнүн, илгертен келе жаткан каада-салтыбызды үрп адатбызды унутпай ааламга көрсөтө алдык деп аны Польшада жүргөндө улак тарткандын, маселен салмагы 30,35 кг улакты жерден көтөрүп, аттын кулагы менен тең ойнотуп анан тай казанга ыргытат деп айтып берсе таңкалышканын белгилеген.

Анан да өзүнүн шакирттери же оперской чутьесу бар жаш балдарга кай жерден, кимдин уулу, кайсы уруудан экенине карабай жардам берип келгенин андай балдарды өстүрүү милдет экенин  да кошумчалаган. 

Саясаттан арбын кепти жазган Азия Ньюс Бакыт Төрөбаевдин саясаттагы көзүрү не деген суроо менен коюлган макалага да орун берген. “Ааламдашуунун зыяны көп бирок андан жол таба билүү керек деген аталышта журналист Жеңишбек Эдигеев женевалык жазуучу Лор Ми Ниан Крозет менен маегин кыргыз окурмандарына тартуулаган.

Ошондой эле адабият айдыңан да азыноолок кеп бар,  улуу акын Алыкул Осмоновдун поэзиясына кайрылган филолог окумуштуу Аскар Медетов Түбөлүктүү наристенин образына айланган Жеңишкан эне деген аталышта макаласын сунуштады.

 “Политклиника”  Ийне жоголду! Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын түп нускасын таппай жатат деген теманы койду. Кечээ күнкү ЖКте бул маселеде  чыгып сүйлөшкөн депуттардын сөзүн мына ушундай аталышта гезиттин үчүнчү бетинен  тааныша аласыз.

Экономистин көзү менен тартылган картинаны же  Кыргызстандагы сүт рыногунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген экономист  Айдар Мокеновдон көлөмдүү макала бар.

Президентке кат рубрикасы бул жолу Жалганды төрүбүздө тайраңдатып, а чындык ыйлап жүрөт көчөлөрдө деген аты коюп жазган Бабырбек Жээнбековдун катын баскан.

Үй бүлөлүк маек КРнын Эл артисти Марат Алышпаевден Аялым жаш болсо кантип кызганбайм деген  жана белгилүү ырчы Дилбар Райымбековадан Атамдын ордун толтура албай жүргөн жылдары Маратка кезиктим деген аталышта алынган. Бул маектен Алышпаевдин ал кезде үй- бүлөм бар эле. Дилбарды сүйүп калбасам, үй бүлөмдү таштап кетмек белем. Пенденин оозунда болсо, кудайдын кулагында дегендей курсташтар менен отурганда 50гө чыкканда токол алам деп тамашалап калчумун. Чындыгында эле ошондой болду да дегендерин окуй аласыз.

Де-Факто да Баш мыйзам жоголду. Ким көрдү деген атты коюп жарык көргөн. Бул сандан Адыл Бакиевдин Алматыдагы тоюна кимдер барды дегенди да жазды.  Өзбекстан менен мамиле өзгөрдүүдө, Бишкекгаз бизнес жасап жатабы, Россия Кыргызстандын айыл чарба продукциясын киргизбей койду , эч нерсе сатпагандан көрө эшек саталы, кыргыз жарандары эми Казакстанда бир ай каттоосуз жүрө алат, сагыныч санаарканткан кыз же апасын сагынып үйүнө келгиси келбеген 17 жашар кыз табылган деген чакан макалалар орун алган.Эки министрдин башы бир казанда кайнабайт деп ага Арзыбек Кожошев менен Адылбек Касымалиевди жазышты. 

Де-Факто андан ары Ички Иштер министри Кашкар Жунушалиев менен маектешип аны Ата Жолун улап, милиция кесибин тандагам деген аталышта жайгаштырды. КРнын президенти Алмазбек Атамбаевге гезит аркылуу Кемин районунун аксакалдар кеңеши Кайрылуу жолдошту. Кайрылууда белгиленгендей аксакалдар тобу  Кеминдеги кен байлыктар өндүрүштөргө байланыштуу экономикалык маселени  президенттин көңүлүнө койду.

Экономикалык темадагы макалар менен бирге Кайсы байдын базары деген аталышта Бишкектеги Соода борборлорунун кимге таандык экенин, кимдер башкарып жатканын  Юстиция министрлигинин маалыматына таянып тааныштырды бүгүнкү Де- Факто.  Кайып өткөн бир жылдыз деп экрандын жылдыз болуп кеткен Жолдубай Кайыпов туурасында дагы эскерүү макала бар.

Таалайкүл Сыдыкбекова