Жаңылыктар
Валентина Шевченко утулуп калды
Спорт
Валентина Шевченко утулуп калды

5-март күнү Лас-Вегас шаарында UFC 285 мелдеши болуп өттү. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко эң жеңил салмак категориясында Алекса Грассо менен кезикти.

Беттеш Грассонун пайдасына жыйынтыкталды. 4-раундда мексикалык файтэр атаандашынын катасынан улам аркасына өтүп, муунтуу ыкмасы менен утуп алды. Ошентип, ал эң жеңил салмактын жаңы чемпиону болду.

Валентина Шевченко карьерасында 26 ирет рингге чыгып, 22 жолу жеңишти камсыздаган. Ал эми анын каршылашы Алекса Грассо 19 беттеш ичинде 16 жолу жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, ошол эле кардда оор салмак категориясында Джон Джонс франциялык Сирил Ганды 1-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип, UFCнин чемпиону болду.