Жаңылыктар
Акжол Махмудов финалда армениялык каршылаш менен жолугат
Спорт
Акжол Махмудов финалда армениялык каршылаш менен жолугат

Акжол Махмудов Болгарияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде финалга чыкты.

Кыргызстандык балбан 77 кг салмак категориясында күчүн сыноодо. Аталган салмакта жалпы 21 спортчу катышты.

Махмудов өз жолун 1/16 финалдан баштап, 3 жеңишти камсыздоо менен жарым финалган чыккан. Ал эми финалга болгон жолдомо үчүн Акжол норвегиялык Пер Андре Кюре менен күрөштү. Бирок Пер Андре Кюре жаракат алып, беттешти уланта албагандыктан Махмудов финалга жөнөдү.

Алтын байге үчүн болгон күрөштө кыргызстандык спортчу армениялык Амоян менен беттешет.

Бул салмакта финал 5-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

77 кг

1/16 финал

Акжол Махмудов - Хуан Себастьян Аак (Норвегия) - 6:1

1/8 финал

Акжол Махмудов - Кристас Кутсуридис (Греция) - 9:0

1/4 финал

Акжол Махмудов - Патрик Адам Беднарз (Польша) - 10:0

1/2 финал

Акжол Махмудов - Пер Андре Кюре (Норвегия) - 2:0, атаандаш жаракат алып калды

Финал

Акжол Махмудов - А.Амоян (Армения)