Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков финалда польшалык балбан менен кезигет
Спорт
Жоламан Шаршенбеков финалда польшалык балбан менен кезигет

Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде финалга чыкты.

Кыргызстандык балбан 60 кг салмак категориясында күчүн сыноодо. Аталган салмакта жалпы 11 спортчу катышты.

Шаршенбеков өз жолун 1/8 финалдан баштап, 2 жеңишти камсыздоо менен жарым финалга чыккан. Ал эми финалга болгон жолдомо үчүн Жоламан ирандык каршылашка туш болуп, 5:0 эсебинде утту.

Бул салмакта финал 5-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

60 кг

1/8 финал

Жоламан Шаршенбеков - Н.Петров (Болгария) - 9:0

1/4 финал

Жоламан Шаршенбеков - Ричард Габриэл Таунсел (АКШ) - 9:0

1/2 финал

Жоламан Шаршенбеков - Сажжад Джавид Аббаспуррагани (Иран) - 10:2

Финал

Жоламан Шаршенбеков - М.Тракз (Польша)