Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.
Кыргызстандык балбан 60 кг салмак категориясында күчүн сынаган. Аталган салмакта жалпы 11 спортчу катышты.
4-март күнү Шаршенбеков өз жолун 1/8 финалдан баштап, 3 жеңишти камсыздоо менен финалга чыккан.
Ал эми 5-мартта чечүүчү күрөштө кыргызстандык балбан Польшанын спортчусу Тракзды тушеге басып, утуп алды.
60 кг
1/8 финал
Жоламан Шаршенбеков - Н.Петров (Болгария) - 9:0
1/4 финал
Жоламан Шаршенбеков - Ричард Габриэл Таунсел (АКШ) - 9:0
1/2 финал
Жоламан Шаршенбеков - Сажжад Джавид Аббаспуррагани (Иран) - 10:2
Финал
Жоламан Шаршенбеков - М.Тракз (Польша) - 6:0, Шаршенбеков тушеге басып жеңди