Жаңылыктар
Акжол Махмудов Dan Kolov – Nikola Petrov мелдешинин чемпиону
Спорт
Акжол Махмудов Dan Kolov – Nikola Petrov мелдешинин чемпиону

Болгарияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде Акжол Махмудов алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан 77 кг салмак категориясында күчүн сынаган. Аталган салмакта жалпы 21 спортчу катышты.

Махмудов өз жолун 1/16 финалдан баштап, 3 жеңишти камсыздоо менен жарым финалган чыккан. Ал эми финалга болгон жолдомо үчүн Акжол норвегиялык Пер Андре Кюре менен күрөшкөн. Бирок Пер Андре Кюре жаракат алып, беттешти уланта албагандыктан Махмудов финалга жөнөгөн.

Алтын байге үчүн болгон таймашта Акжол армениялык Амоянды тизе бүктүрүп, мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Буга чейин 60 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медалды Жоламан Шаршенбеков алган.

77 кг

1/16 финал

Акжол Махмудов - Хуан Себастьян Аак (Норвегия) - 6:1

1/8 финал

Акжол Махмудов - Кристас Кутсуридис (Греция) - 9:0

1/4 финал

Акжол Махмудов - Патрик Адам Беднарз (Польша) - 10:0

1/2 финал

Акжол Махмудов - Пер Андре Кюре (Норвегия) - 2:0, атаандашы жаракат алып калды

Финал

Акжол Махмудов - А.Амоян (Армения)