Жаңылыктар
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкекте Байтик Баатырдын айкелинин ачылышына катышты
Саясат
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов  Бишкекте Байтик Баатырдын айкелинин ачылышына катышты

Бишкекте бүгүн, 5-мартта, Байтик Баатырдын эстелиги анын атындагы сейил бакта ачылды.

Иш чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, кыргыз элин улуттук баш кийимибиз болгон Ак калпак күнү жана Байтик баатырдын эстелигинин ачылышы менен куттуктады.

Мамлекеттик катчы дүйнөдө баш кийимди кастарлап, сыймыктанып кийип жүргөн аз эле улут бардыгын жана алардын бири кыргыз эли экенин белгиледи.

"Биз дүйнөнү санариптешкен заманда эч нерсе менен таң калтыра албайбыз. Башка улуттун өкүлдөрү кече эле ата-бабалары кийип жүргөн кийимдерин, колдонгон буюмдарын музейлерге сактап, сыймыктануу, мактануу менен көргөзүшөт. Салыштырмалуу кыргыз элинин бай тарыхыбыз бар, биз ата-бабаларыбыздан калган маданий мурастар менен сыймыктанып, муундан-муунга өткөрүп турушубуз керек",-деп билдирди Мамкатчы.

 "Айрымдар айкелдердин ачылышына каршы чыгып жатат, бирок биз башка элдер койгон айкелдердин бир учуна да жеткен жокпуз. Журтубузда кыргыз тарыхына негиз салып кеткен, кайталангыс из калтырган баатырларыбызды эстеп жүрүшүбүз керек",-деп кошумчалады Мамлекеттик катчы.