Аалы Токомбаевдин 120 жылдыгына карата
«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин...”
Кыргыздын көркөм дөөлөт өнөрүнүн сап башында турган Кыргыз ССРинин эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, коомдук ишмер, академик Аалы Токомбаевдин 120 жылдык мааракеси 2024-жылы белгиленет. Анын чыгармачылыгынын башаты - байыркы улуу эпостон жаңы профессионалдык адабиятка, бир руханий дүйнөдөн дагы бир руханий дүйнөгө өтүү мезгилине туура келди. Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы жана инсандык турпаты тууралуу кайчы пикирлер өтө эле арбын. Мен бул жолу чыгармачылык дүйнөсү таптакыр башка, калыстыкты туу туткан, кошомат кылып эч кимге жагынбаган акындардын бири Рамис Рыскуловдун Аалы Токомбаев тууралуу жазган сонун макаласын сиздерге сунуш этип олтурам.
Рамис Рыскулов
ОЙЧУЛ АКЫН
Аалы Токомбаев – кыргыздын жазма адабиятынын негиз салуучуларынын бири. Ал – күрөш акыны, сүйүү акыны, ойчул акын. Акындын сырын эл түшүнөт. Бир акынга башка акындын пикир айтышынан кызык эмне бар? Чыныгы акын табияттын керемети, турмуштун демилгечиси, шыктандыруучусу! Акын, Аалыкем айткандай, - баатыр! Жашоо баатыры! “Жакшынын артынан кеп илешет” – дейт. Ошондой дайыма кеп жеп, бирок кебелбей келаткан акын – Аалы! Ал өрт жүрөк, сезими өргө чапкан акын!
Чыныгы акын тууралуу көп айтканда эл анын ырын гана эмес жашаган турмушун да даңазалайт. Аалыдай жашаган, күрөшкөн, турмуштун бардык өйдө-төмөнүн көргөн акын кыргызда сейрек.
Аалы турмушту жан-дили менен сүйөт, жыргалдуу замандын жыргалдуу жактарын көп ырларында ажайып үн менен сайрап келатат.Ал өрттө туулган советтик эл менен бирге көптөгөн кыйын учурларды баштан өткөрдү.
Улуу Максим Горький биз адамга баа бергенде анын жакшы жактарын көрө билүүгө умтулуубуз керек деген маанидеги ойду айткан.Эгер биз Аалыкемдин жакшы жактарын көрө билүү максаты менен ырларын ылгап окусак, Аалыкемдин лирикалык үнү бийик акын экенин айгинеленип чыга келет. Акындын ширелүү саптары тилге ушунчалык бай жана даамдуу! Сөздөрүнө бал кошкон жана душмандардын көкөйүнө тийсин деп уу да аралаштырып койгон. Астыртан күлкүгө, шаттыкка, тунук эргүүгө чайкалган ырлары биздин жаркын турмушту, жаштыктын жалындуу чактарын көз уялта чагылдырат. Аалыкем жүрөккө билгизбей туруп шык бере алат.
Аалынын ырларынын каны күчтүү.Демдүү. Анын оттуу чыгармалары биздин каныбызды ойнотот, жүрөктү чымчылайт, эзгилейт, жанарын чачат.
“Кирпигимден кисти жасап берейин”- дейт Аалы “Сүрөтүн тарт” деген ырында. Бул залкар тилек! Бул ыр сабы кыргыз поэзиясындагы классикалык сап!
“Кимдин уулу, кайсы жерден баары бир –
Кеменгерлер дүнүйөгө келишет.
Бардык элдин алкышынан бүткөндөй...”
( “Кеменгер”)
Бул ыр – нары акылман, нары кең ой жүгүртүүдөн жаралган. Аалы ажайып табиятты минтип сүрөттөйт:
“Ай нурунда кышкы түн,
Айран төгүп койгондой”
(“Ай нурунда”)
Бул салыштыруу биздин элдин турмушуна түздөн-түз жакын, таамай.
“Эзгим келет кара ташты жаш менен
Сен кыйнаган жүрөгүмө чыдабай”
(“Кечирип кой”)
“Сүйүүнү карегиндей сактабаган,
Мага жолдош боло албайт жашык жигит”
(“Кыздын жообу”)
Чыныда элибиз сүйүүнүн эли болсо керек, коңшубуз өзбектер Мажнун-Лайлинин, казактар Кыз-Жибектей керилген сулуулардын эли эмеспи!
“Көрүнбөгөн ийнелердин учтары
Тызылдатып жүрөгүмө баткандай”
(“Чын сүйүү”)
“Сүйүү бизге кандай күнү табылган,
Тилсиз жүрөк жылаажындай кагылган”!
Ошондой дилдиреген кыздар бизде эмеспи, о Аалыке, назиктиктин, наздыктын, кербезденүүнүн акыны.
Эмесе, аксакалыбызды сыйлап жана андан таалим алалы деп, эмдиги муундун өкүлү катары Аалыкеме кайрылып олтурам.
“Жалбырак учуп дилдиреп,
Жабыккан түрүн билдирет.
Жашылдуу кезде жайнайлы,
Жашообуз канча ким билет”
(“Ырдап жүр”)
Бул ыр элдик ыр болуп,эчак канга сиңип кеткен.
“Ак жибек болуп чубалсаң,
Ак көбүк болуп мунарсаң.
Ак жибек жайып тор кылып,
Ак толкун кечип кубансам...”
(“Ак толкун”)
Бул төрт сап мисалга алынган ыр өз учурунда элдик поэзиянын үлгүсүндө жазылган ырлардын мөлү, тунугу! Ушуга караганда кыргыздын жаңы поэзиясы да элдик ырлардан, эпостордун укмуш казынасынан пайдаланып, өзүнүн өсүү, өөрчүү жолунда фольклорго дайыма кайрылып тураарына ишенемин! Аалыкемдин чыгармалары кыргыз тилинин бай мурасын ичине камтыйт. Кыргыздын тилин үйрөнүү жолунда мен Аалыкемден көп сонун сөздөрдү жана аны этияттык менен ордуна коё билүүнү үйрөндүм.
“Сен да тилсиз тиктей бердиң,
Билгенсип мен билгенди”
(“Эмне үчүн”)
“Кармалбас нурга бөлөнүп
Турмуштун көркүн күн берет.
Ак тайлак өндүү койкоюп,
Көлдүн көркүн куу берет.
Жазганы жанды сүйдүрсө,
Акындын көркү кыялда.
Алдыңа койсоң бир максат,
Аткарган жигит уялба!”
(“Терме)
Бул ырларды мен дайыма ырдаймын. Жашап келди мени менен. Кандай чоң жашоо сыймыгы бар ырлар! Тамшануу, тамылжыган нур!
Кыйындыкка чыдап, кашкая күлө багууну унутпаган Аалынын турмушу эмкилерге үлгү.
Кылымдар ырдайт кыргыз эл,
Аалынын сүйкүм ырларын.
Кайрылгын, кайрыл Аалыга,
Издесең сөздүн ыргагын!
1968
“Улуулуктун татаал жолу” .(А.Токомбаев адабий макалаларда, эскерүүлөрдө, документтерде) деген китептен алынды. “Бийиктик” басмасы 2004-жыл)
P.S. Кыргыз элинин маданиятынын туу чокусунда турган көрүнүктүү акын-жазуучулар тууралуу талаш-тартыштуу көз караштар, ар түрдүү пикирлер айтылып келет. Бирок, алардын пенделик касиетине доо кетирип, убагында бири-бири менен кайраштыргандар – алардын чыгармачылыгына көө жаба албасы белгилүү. А.Токомбаевдин сын жана публицистикалык чыгармачылыгын жана жазуучулар менен болгон тарыхый карым-катнаш, мамилелерин изилдеген адабиятчы Бактыгүл Исакова менен болгон маек мына ушул олуттуу темага арналып, кийинки макалабыздын өзөгүн түзмөкчү.
Гүлмира Кулумбаева