Жаңылыктар
Алыкулов Казакстан чемпионатында гол киргизди
Спорт
Алыкулов Казакстан чемпионатында гол киргизди

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Казакстан чемпионатында жаңы сезондогу биринчи беттешинде гол киргизди.

Премьер-лиганын жаңы сезонунун 1-турунда «Кайрат» Алматы шаарында «Атырау» менен беттешти. Алыкулов оюнду алгачкы мүнөттөн баштап, 75-мүнөттө алмаштырылды.

17-мүнөттө кыргызстандык футболчу голдук пас берип, 23-мүнөттө атаандашынын катасынан пайдаланып, өзү гол киргизди.

«Кайрат» 2:0 эсебинде алдыга озуп чыккан, бирок жеңишти колдон чыгарып жиберди — 2:2.