Жаңылыктар
Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болду
Кыргызстан жаңылыктары
Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болду

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров бүгүн, кол койду. 

25-февралда Мамлекет башчысынын башка жырлыгына ылайык, Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Өткөн жумада Иманалиевдин талапкерлигин билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңеш макулдугун берген. 

Каныбек Иманалиев 53 жашта. 1969-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышынын депутаты болгон.