Жаңылыктар
Ош шаарында 500 миң сомдон ашык контрабандалык жүк аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында 500 миң сомдон ашык контрабандалык жүк аныкталды

Түштүк-Батыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Ош шаарында КР жараны «Т.Ж.Т.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алган.

Бажылык текшерип кароодо автотранспорттун жүк бөлүгүнөн 15 даана уктоочу эмеректердин комплекттеринин тетиктери табылган. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон. Кармалган товардын жалпы салмагы 3810 кг түзгөн.«Эксперт Групп» баалоо компаниясы» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 525 миң сомду түзгөн.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.