Жаңылыктар
"Жер сатуу мафиясына" сот, прокурорлор да киришкенби?
Кыргызстан жаңылыктары
"Жер сатуу мафиясына" сот, прокурорлор да киришкенби?

Бүгүнкү кеңешмеде Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жер мунапысына байланыштуу токтомундагы 27-пунктту алып салууну тапшырды. Анда, тилкелер жер ээлеринин уруксаты менен сатылышы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок, 10-15 жыл мурда эле тилкесин соодалап жиберген айрым тараптар, учурда алар убагында арзан сатканын айтып, дагы акча талап кылган учурлар бар экени айтылууда. Ал арада, бул ишке Башкы Прокуратура билек түрө киришти.