Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Джумагазиев Канат Сагынович Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Жаңы жетекчини аймактын активине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев тааныштырды.