Жаңылыктар
Аскат Акибаев Ысык-Көл облусуна ыйгарым укуктуу өкүл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Аскат Акибаев Ысык-Көл облусуна ыйгарым укуктуу өкүл болду

Аскат Акибаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө вице-премьер-министр Олег Панкратов тааныштырды. Буга чейин, Акибаев "Аврора" эс алуу борборунун жетекчис кызматын аркалап келген. Облустун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев бүгүн өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары акыркы жыйынын өткөрдү.

Анда өткөн жылдын жыйынтыгы жана алдыдагы пландар талкуулангандан соң кызматын расмий түрдө тапшырды. Каптагаев Ысык-Көл облусунун губернатору болуп 3 жылга чукул эмгектенди.