Жаңылыктар
Ак элечек апалар жөө жүрүшкө чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Ак элечек апалар жөө жүрүшкө чыгышты

Ак-элечек, ак жоолук салынган энелер - Бишкекте жөө жүрүшкө чыгышты. Алар "Ала-Тоо" аянтынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып, Кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалоону максат кылышкан. Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен Кыргызстан пенсионерлер партиясы уюштурган. Катышуучуларга президенттин атынан жаз жоолуктары тапшырылды.

Баткен облусунун 75 жаштагы тургуну Апиза Юсупова баштаган “Көк жайык” тобундагы шайыр апалар, 8-март майрамына карата иш-чарага катышуу үчүн “Ала-Тоо” аянтына келишкен. Алар, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда тынчтык болушун тилеп, жарандарды биримдикке, ынтымакка чакырышты. Апалар кийинки муунга үлгү бололу деген ниетте.