Жаңылыктар
Тургундар кооптуу аймактан эмнеге көчпөйт?
Кыргызстан жаңылыктары
Тургундар кооптуу аймактан эмнеге көчпөйт?

Жалал-Абад облусундагы Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы жер көчкү болуучу аймакта жашап жаткан тургундарды сотко берет. Анткени жашоочулар түшүнүдүрүү, эскертүү иштерине карабастан кооптуу жерден көчпөй жашап жатышат. Аларга мамлекет тарабынан жер тилкеси берилген.

Ырысбек Бекташев Арстанбап айыл өкмөтүнүн Жарадар айылынын тургуну. Ал жашаган аймак 2017-жылы жер көчкү коркунучу бар деп табылып, жашоого болбойт деген тийешелүү кызматтын чечими чыккан. Ырысбек аксакалга Базар-Коргон шаарына караштуу Орто-Сай участкасынан 8 сотых жер тилке берилип, ал жерге турак үй тургузган. Бирок жаңы конушунда шарт жок үчүн байбичеси экөө көпчүп кетпей, аргасыздан кооптуу аймакта жашап жатканын айтышат.

Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө табигый кооптулук бар участкаларда 1 миң 160 үй-бүлө жашап жатат. Алардын 827си мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй келет. 333 кожолукка мамлекеттен азырынча жер тилке бериле элек.