Жаңылыктар
Экономиканы өнүктүрүүдө аялдардын орду
Кыргызстан жаңылыктары
Экономиканы өнүктүрүүдө аялдардын орду

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында өлкөдө аялдардын саны 4 млнго чукулдайт. Буга чейин "аялдардын чөйрөсү " саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, соода сыяктуу иш-чараларга гана негизделсе, акыркы эки жылда аялдар экономика тармагында да чоң күчкө айланууда.

Кыргызстанда өзүн ар тармакта өнүктүрүп келе жаткан аялдардын саны жыл санап өсүүдө. Адилла Абдуллаева эмерек жасоочу цехти түптөп, ишкерчилик менен алектенгенине 10 жылдан ашты. Өндүрүшүн улам кеңейтип, ушул тапта 50 го чукул адамды жумуш менен камсыздайт. Бүгүнкү күндө саясат, экономика, бизнес, билим берүү, маданият жана башка чөйрөдө өз ордун тапкан кыргыз аялдары көп экендигине сыймыктанган ишкер айым, аялдар эне жана жар катары да өз милдеттерин мыкты деңгээлде алып барат деген ураанды туу тутат.
Иликтөөлөргө таянсак, Кыргызстанда иштеп жаткан ишкерлердин 35% аялдар түзөт. Республика боюнча 121 миңден ашык аял бизнес тармагында иштейт. Эң көп пайыздык көрсөткүч Бишкек шаарына туура келет.