Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Toshelectroapparat» заводунун иши менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Toshelectroapparat» заводунун иши менен таанышты

Өзбекстан Республикасында жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарындагы «Toshelectroapparat» ишканасындагы өндүрүштүк жана башкаруу процессин уюштуруу принциптери менен таанышты.

Ишкананы кыдырууда белгиленгендей, «Toshelectroapparat» компаниясынын продукциясын электр тармактары, электр өндүрүүчү, темир жол, тоо-кен, мунай-газ ишканалары кеңири колдонушат.

Акылбек Жапаров өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын белгиледи, алардын ассортиментине түрдүү электр жабдуулары жана электр эсептегичтери (электр энергиясын көзөмөлдөөнүн жана эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму) кирет.

«Бизде Жалал-Абад облусунда Ташкенттеги заводду керектүү көлөмдө комплекттөөчү тетиктер менен камсыз кылууга жөндөмдүү ишканабыз бар», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мындай кызматташуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырмасын берди.