Жаңылыктар
Кайрат Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду
УТРК жаңылыктары
Кайрат Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө  байланыштуу УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, Кайрат Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. 

Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп 2022-жылы дайындалган.