Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «IT Park Uzbekistan» иши менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «IT Park Uzbekistan» иши менен таанышты

Өзбекстан Республикасында жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарындагы «IT Park Uzbekistan» комплексинин иши менен таанышты.  

«IT Park Uzbekistan» директору Фарход Ибрагимов маалымадагандай, Өзбекстан Республикасындагы алгачкы IT Park 2019-жылдын 24-июлунда ачылган.

Анын айтымында, «IT Park Uzbekistan» компаниясынын негизги максаты – рынокто келечектүү стартап-долбоорлорду ишке киргизүү жана илгерилетүү, анын ичинде илим жана билим берүү уюмдары менен интеграциялоо аркылуу IT-компаниялар үчүн эркин экономикалык аймакты түзүү.

«IT Park Uzbekistan» комплексине болгон сапардын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы стартаптарды генерациялоо жана илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү боюнча Өзбекстан Республикасы топтогон тажрыйбаны жигердүү колдонуусу керектигин белгиледи.

«Келечек жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндөгү инновациялык технологияларга жана IT-чечимдерге таандык. Биз динамикалуу өнүгүп жаткан санариптик дүйнөнүн ажырагыс бөлүгү болуп, дүйнөлүк тенденциялардан артта калбашыбыз керек», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.