Жаңылыктар
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Акылбек Жапаровду кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Акылбек Жапаровду кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-өндүрүштүк секторлордогу, логистикадагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алакаларды активдештирүү маселелерин талкуулашты.