Жаңылыктар
Кыргызстанда жарандыгы жок 12 миңге жакын атуул аныкталган
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жарандыгы жок 12 миңге жакын атуул аныкталган

Акыркы 2 жылда Кыргызстанда жарандыгы жок 12 миңге жакын атуул аныкталган. Мындан улам Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссардын башкармалыгы, жарансыздыкты алдын алуу жана кыскартуу боюнча долбоору Кыргызстанды пилоттук өлкө катары кабыл алган. Аталган долбоордун жыйынтыктары тууралу кийинки материалда баяндалат.

Жүзүн көрсөткүсү келбеген Татьяна 17-жылдан бери кызына Кыргызстандын жарандыгын ала албай келет. Мунун себеби мамлекеттик органдардын бюрократтыгы дейт. Татьянанын айтымында кызына кыргыз паспортун алып берүү үчүн какпаган эшиги калган эмес.

Адистердин маалыматында, дүйнөдө азыр бери дегенде он миллион кишинин жарандыгы жок. Мындай көрүнүштөн Кыргызстан дагы куру эмес. Маселен 2014-жылы жарансыздыктардын саны 12 миңге чукул болсо, анын 52 пайызын советтик паспорттун ээлери түзчү. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанда жарансыздыкты алдын алуу жана кыскартуу боюнча долбоорун баштаган

Жарандыгы жоктордун көйгөйүн чечүү аракеттери 60 жыл мурда башталса да БУУнун эсептерине караганда, ар бир он мүнөт сайын дүйнөдө бирден бала жарандыгы жок болуп төрөлүп жатат. Ал эми Кыргызстанда жүргүзүлгөн иш чаралардын алкагында эки жылдын ичинде сегиз миң жети жүз адамдын колуна паспорттору тапшырылган. Жарандык көйгөйүнүн курч бойдон калуусуна биринчи кезекте адамдардын мүмкүнчүлүктөрү себепкер болсо, экинчисинен ар бир адамдын аң сезиминен дагы көз каранды.

Жарансыздыкты алдын алуу жана кыскартуу боюнча долбоору аяктаса дагы, муну менен иштер токтоп калбайт дейт Тайырбек Сарпашев. Бириккен Улуттар Уюуму белек кылган жабдыктар менен мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын алыскы аймактарында иш алып барышмакчы.