Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Самарканд шаарындагы Ислам Каримовдун Мавзолейине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Самарканд шаарындагы Ислам Каримовдун Мавзолейине барды

Өзбекстан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Самарканд шаарындагы Өзбекстан Республикасынын Биринчи Президенти Ислам Каримовдун Мавзолейине барды.   Акылбек Жапаров жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Өзбекстан Республикасынын Биринчи Президенти Ислам Каримовдун “Хазрати Хизр” комплексинде жайгашкан эстелигине гүлчамбар коюшту.  

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы “Silk Road Samarkand” туристтик борборунун иши менен таанышты, анда мейманканалардан тышкары, конгресс-холл жана сейил бак, “Түбөлүк шаар” маданий борбору жайгашкан.  

Маалымат үчүн: “Түбөлүк шаар” – бул чыныгы байыркы шаарды кайра жараткан этно-маданий борбор, мында келген ар бир адам Өзбекстан Республикасынын жерлеринин жана элдеринин тарыхы жана каада-салттары менен тааныша алат. Анын жалпы аянты 17 га. Борбордун тар көчөлөрүндө сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн, усталардын дүкөндөрү жайгашкан.