Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Самарканд шаарындагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Самарканд шаарындагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өзбекстан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Самарканд шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.  Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана делегациянын мүчөлөрү ири габариттүү жүк ташуучу автотранспортторду чыгаруучу “MAN” заводунда, жук ташуучу автоунааларды, атайын техникаларды жана жогорку сыйымдуулуктагы автобустарды чыгаруучу “Uz Truck and Bus Motors” заводунда, ошондой эле, кичи жана орто кубаттуулуктагы автобустарды жана жук ташуучу автоунааларды чыгаруучу “SamAvto” биргелешкен ишканасынын өндүрүштүк участокторунда болушту.   Маалымат үчүн: “MAN” ири габариттүү жүк ташуучу автотранспортторду чыгаруучу завод 2012-жылдын 31-июлунда ачылган. 

Ал эми, “SamAvto” биргелешкен ишканасынын өндүрүштүк линиясы 1999-жылдын 19-мартында ишке киргизилген. Завод учурда автобустун 4 моделин жана жүк ташуучу унаанын 5 үлгүсүн чыгарат.