Жаңылыктар
УКМК: Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай  табылды

Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ЭТУнун жана ДЭУнун ишмердигине каршы жүргүзүлүп жаткан чаралардын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 37, 252-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган иштин алкагында, инженердик-сапердук топ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын 10-март күнү Ош шаарынын “Амир-Тимур” микрайонунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды.

Жашыруун жайда, желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча - 1 даана, (9 мм), граната Ф1 - 1 даана, детонатор капсуласы - 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар - 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылып алынды.

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылуу фактысы боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.