Жаңылыктар
Кадыр Сайдилкан: Инвесторлорду колдоп, коргогонубуз эң туура
Кыргызстан жаңылыктары
Кадыр Сайдилкан: Инвесторлорду колдоп, коргогонубуз эң туура

Кадыр Сайдилкан:

“Кечээтен бери, каттуу талкуу болуп жаткан Нарын ресторанынын ордуна салына турган имарат (отель, соода-көңүл ачуу жайы) жана Орто-Сайга курула турган мечит (20000 адамга ылайык) жөнүндө менден бир-эки ооз сөз.

Азыр инвестор жөнүндө ар түрдүү сөздөр айтылып, бийликке болгон сын пикирлер да катуу болуп жатат.

Ал инвестордун кантип акча тапканы, тазабы же булганыч иштердин аркасынан тапканбы ал башка, мени кызыктырбаган маселе.

Ал Жараткандын алдында, дүйнөлүк мыйзамдардын алдында өзү жооп берет.

Биз, дүйнө суктанган Азия арстандары болгон Дубай, Сингапур, Гонконг так ушундай инвесторлордун, өз өлкөсүн жеген коррупционерлердин булганыч акчаларына курулуп, өнүгүп, азыркы акыбалга жеткен.

Айтууда $ 300 миллиондон ашык акча Нарын ресторанынын ордуна салынса, мечитке $ 51 миллион акча салынат деп жатышат.

Бул Кыргыз экономикасына түз инвестиция, миңдеген курулушчулар маяна алып, 10 миллиондогон акчалар курулуш материялдарына 10догон миллион салык катары өлкө казынасын толтурат.

Бүткөндөн кийин миңдеген Кыргыз жарандарына жумуш оорду түзүлөт жана жыл сайын миллиондогон салык казынага түшөт.

Инвестицияны жакшылап коргоп, шарт түзсөк мындай инвесторлор 100 дөп келишет. Жакынкы өлкөлөрдөн, Россия, Кытай, Казакстандан, Өзбекстан, Түркмөнстандан акчасын жашырган көп инвесторлор келет.

Айтайын дегеним эч бир зыяны жок!

Эгерде кимдир бирөө булганыч акчасына мечит куруп жатса - ал адам менен Жараткандын ортосундагы иш. Биз чеччү маселе эмес. Ал мечитти же отелди көтөрүп кетпейт. Бизде калат кылымдар бою кызмат кылып!