Бишкектин “Арча-Бешик” конушунда “Газпром” ишканасы курган дене тарбия, ден-соолукту чыңдоо комплекси расмий ачылды.
Иш-чарага Президент Алмазбек Атамбаев катышып,тургундарды бул ири спорт комплексинин ишке берилиши менен куттуктады.
Бир эле убакта 500 кишини батырып, акыркы заманбап үлгүдө салынган спорт комплекстин ачылыш аземине кабарчыбыз Самат Асипов да күбө болуп кайтты.
Эң акыркы үлгүдөгү, заманбап талаптарга жооп берген спорт комплекс, кыска убакыттын ичинде курулуп бүтүп ачылууга даяр болуп калды. Ачылыш аземге келгендердин көбү имарат жайгашкан Арча Бешиктин жашоочулары. Газпром ишканасынын кызматкерлери жана жалпы эле шаар тургундары чогулушту.
Спорт комплексти расмий ачууга президент Алмазбек Атамбаев келип, ал конокторду бул ири спорт комплексинин ишке берилиши менен куттуктады.
Өлкө башчы ден соолукту чыңдоо комплекси эки ай мурун Чолпон-Атада да ачылып, анда экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгонун белгиледи.
Өз сөзүндө Президент өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалга да токтолду. Айтымында, убагында бийликтин Газпромду 1 долларга сатуу чечимине айрымдар катуу сын айтышкан. Ал сындар жеке кызыкчылыктар үчүн болгону азыр көрүнүп отурат дейт өлкө башчы.
Алмазбек Атамбаев өткөн окуяларды унутпай жүрүүгө чакырды. Маселен мурдагы бийликтер убагында мамлекеттин келечегине кандай кам көрүлгөнүнө бардыгы күбө дейт президент.