Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата Чолпон-Ата шаарына курулган ипподром архитекторлордун эл аралык сынагында алтын медаль алды. Бул туурасында курулуш архитектура, турак- жай коммуналдык чарба агентигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.
29-сентябрдан 1-октябрга чейин Минск шаарында 2015-2016-жылдагы мыкты долбоорлордун эл аралык конкурсу өткөн.
Ага дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 165 долбоор коюлган. Кыргызстандыктар Чолпон- Атадагы ипподромдун архитектуралык долбоорун алып барышкан. “Биздин архитекторлор жана куруучулар мыкты деңгээлин көрсөтүп, кесиптештер татыктуу баасын алды ” дейт Турдубек Мамбетов.