Жаңылыктар
ККМ: соодагерлер эмнеге нааразы?
Кыргызстан жаңылыктары
ККМ: соодагерлер эмнеге нааразы?

Салык процедураларын фискалдаштыруу - бардык салык төлөөчүлөр үчүн бирдей жана адилет мамилени камсыздайт. 

Контрабандалык продукциялардын кирүүсүнө бөгөт коюлуп, ата мекендик ишкерлерге бирдей жана жагымдуу шарттарды түзөт. 

Мындан тышкары, көмүскө экономика ачыкка чыгып, салык жыйымдарынын көлөмү өсөт. Анын кайда, кандай максатка жумшалып жаткандыгы көрүнүп турат.

Дал ошол салык чогултуунун эсебинен мамлекет өз жарандарынын алдындагы социалдык милдеттенмелерин аткарат. Пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүп, билим берүү жана медицинанын өнүгүшүнө түрткү болот. Жаңы мектеп, бала бакча ооруканалар курулат. 

Тилекке каршы, өлкө эгемендүүлүк алган 30 жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттин акчасы сол чөнтөктөргө кетип, көмүскө экономика эбегейсиз деңгээлге жеткен. Расмий маалыматтарга таянсак анын көлөмү 40 пайыздан ашат.