Жол эрежелерин бузгандарга карата жаза катаалдашкан 3 күн ичинде 658 унаа айып аянтчасына токтотулган. Көпчүлүгү, рульду мас абалында же эч кандай документи жок айдап жүрүшкөн.
Мындан сырткары, ээнбаштык кылган айдоочулардын машиналары айып аянтчасына киргизилген.
Жалпысынан 8-марттан бери 7500 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Эки миңге жакыны ылдамдыкты көрсөтүлгөн нормадан ашыра айдаса, 108и тиешелүү документтери жоктор. 164 жаран мас абалында транспорт башкарып кармалган.
Маалыматтарга таянсак, спирт ичимдигин ичип, унаа башкарган учурлар эң көп майрам күндөрү катталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына таянсак, жаңы мыйзамдар ишке киргенден кийин алкоголдук ичимдик ичип алып айдагандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 3 эсе азайган.