“Адамдардын көйгөйлөрү жеринде чечилиши керек. Биз эми мындан ары жер-жерлерден келип түшкөн арыз-даттанууларды жергиликтүү бийликтердин кемчилиги катары карап, тийиштүү чара көрөбүз”,- деп мамлекет башчысы дагы бир ирет катуу эскертти.
Ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров жакында “жер мунапысын” аткаруу маселесин караган чогулуш өткөрүп, анын натыйжасында өлкө жарандары мыйзамсыз ээлеп, турак жай салып алган жайларын легалдаштырууга мүмкүнчүлүк алышты.