Бир эле мезгилде 20 миң адамдын зыярат кылуусуна ылайыкталган “Ыйман борбору” Орто-Сай айылында курулуп, жалпы долбоордун баасы 51 миллион долларга бааланды.
Андан тышкары 321 миллион доллар нарктагы 444 батирлүү турак жай баш болгон мейманкана, соода борборунун баш калаабыздын чок ортосуна курулуп баштоосу өлкөдөгү туруктуулуктун, өнүгүүгө багыт алуунун бир кадамы катары карасак болчудай.
Мамлекеттин башкы саясаты өлкө ичинде туруктуулукту камсыз кылуу жана инвесторлордун каалаган тармактарда ийгиликтүү иш алып баруусуна жагымдуу шарттарды түзүп берүү эмеспи.
Өлкө жетекчиси пайдубалына капсула салган ушундай ири инвестициялык долбоорлордун жергебизде ишке ашуусу экономиканын өсүшүнө, социалдык абалыбыздын жакшырышына бир топ оң натыйжаларды алып келээри анык.