10-мартка карата 74 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын 54 миң 76сы электрондук түрдө берилген.
Тапшыргандардын ичинен 14 миң 692 юридикалык жак, 27 миң 669 жеке ишкер, 19 миң 663 жеке жак, ошондой эле 12 миң 86 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы.
Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.