Жаңылыктар
2023-жылдагы ыйык Рамазан айы 23-мартта башталат
Кыргызстан жаңылыктары
2023-жылдагы ыйык Рамазан айы 23-мартта башталат

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. 

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”- деп буйруган (Сахих муслим 1081).

1. 2023- жылдын 23 – март күнү Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилсин.

2. 2023-жылдын 22-мартында өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы башталсын.

3. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.

Эскертүү : Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.