Жаңылыктар
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАдагы рейтингин жаңыртты
Спорт
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАдагы рейтингин жаңыртты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФА рейтингинде рекордун жаңылады. 

Федерациянын расмий сайтында команда 99-орунга чыгып, апрелде койгон рекордун жаңылаганы айтылат. Ливан жана түркмөн командалары менен болгон оюндан кыргыз футболчулары 343 упай топтогон. 

Рейтингдин алдыңкы сабында Аргентина, Бельгия жана Бразилия турат. Ал эми Борбордук Азия алкагында биринчилер сабында Өзбекстан менен Казакстан. Кыргызстандан кийин Түркмөнстан жана Тажикстан бар.