Бүгүн, саат 09:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 103 млн 92 миң 811,99 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.