Жаңылыктар
Кербен шаарындагы ооруканада өрт чыкты
Кырсык
Кербен шаарындагы ооруканада өрт чыкты

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имараты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, жеринде төрт өрт өчүрүүчү бөлүм иштөөдө.

Учурда кызматкерлерди жана бейтаптарды эвакуация иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.