Жол эрежеси боюнча жаңы тартиптин күчүнө кириши менен мас абалда унаа айдаган айдоочулардын саны үч эсеге кыскарды.
ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, 4-марттан 10-мартка чейинки аралыкта 16 миң жол эрежесин бузуу аныкталган. Эреже бузуулардын эң көбү - транспорт каражатын эксплутациялоонун бузулушу эсептелет.
Андан кийинки катарда унааны белгиленген өлчөмдөн ашыра айдоо, автобейбаштык, унаанын терезелерин караңгылатуу болгон. Алкоголдук ичимдик ичип унаа башкарган 358 айдоочу кармалган. Бул мурдагы көрсөткүчтөргө караганда үч эсеге азайган. Мыйзам бузган айдоочулардын унаасы айып жайына киргизилген.
Айта кетсек, 8-марттан бери өлкөдө жол эрежесинин жаңы тартиби күчүнө кирди. Ага ылайык, эреже бузгандардын жазасы кескин катаалдап, айып пулдун өлчөмү 3 эсеге чейин көбөйдү.