Жаңылыктар
Баткен облусунда наркы жарым миллион сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунда наркы жарым миллион сомдон ашык  контрабандалык жүк кармалды

«Оперативдүү» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш- чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарында, КР жараны «Б.Э.А.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter 412» үлгүсүндө унаа текшерүүгө алынган.

Унааны текшерүү учурунда Тажикстан Республикасынан чыгарылган 100 түрмөк өлчөмүндөгү изоляцияланган монтаждык кабельдер – товар табылган. Жүк бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон. Кармалган товардын орточо базар баасы 560 миң сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.