Бактыгүл Исакова Аалы Токомбаевдин сын жана публицистикалык чыгармачылыгын жана жазуучулар менен болгон тарыхый карым-катнаш, мамилелерин изилдөөчү. Адабияттын тарыхында А.Токомбаевдин жазуучулар менен болгон мамилеси жөнүндө көрүнүктүү илимпоздор Качкынбай Артыкбаев, Шаршенбек Үмөталиев, Абдыганы Эркебаев, Салижан Жигитов, Кадыркул Даутов, Калыбек Байжигитов изилдеп келишкен. Жазуучулардан Шүкүрбек Бейшеналиев, Бакай Сексенбаев, Асанбек Стамов, Омор Султанов, Акбар Рыскулов, Сейит Жетимишов, Байдылда Сарногоев, Эрнис Турсунов ж.б. жазышкан. Бул олуттуу тема тууралуу Бактыгүл Исакова менен маек курдук.
-Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы жана өмүр жолу тууралуу эл арасында ар түрдүү кайчы пикирлер айтылып жүрөт. Бири билип айтса, бири элден укканын түкшүмөлдөп айтып, улуу акындын наамын каралоого өтүшкөн. Сиз акындын өмүр жолун терең изилдеп жүрөсүз. Аалы Токомбаевдин кыргыз адабиятындагы орду тууралуу айтып берсеңиз...
- Аалы Токомбаев – XX кылымдын кыргыз адабияты менен маданиятына эбегейсиз зор эмгек сиңирген классик жазуучу. «Эл акыны» деген ардактуу наамдын маданиятыбыздын тарыхында биринчи жолу Аалы Токомбаевге берилиши бекеринен болгон эмес. Кыргыз адабиятынын тарыхында Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты эң биринчи алган. Ага Социалисттик Эмгектин Баатыры деген атак кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчи жолу ыйгарылган. Ал Кыргыз илимдер Академиясынын адабият таануу жаатындагы биринчи академиги. Азыркы «Ала-Тоо», «Чалкан» журналдарын биринчи болуп уюштургандардан. Биринчи болуп кыргыз поэзиясында ыр менен роман жазган адам. Кыскасы, «биринчи» деген аныктаманы Токомбаевдин ысмына багыштап айта берсек сөз дагы уланат. Токомбаев кыргыз поэзиясын профессионалдуу деңгээлге көтөрүп, адабиятыбыздын көркөм прозасына, драматургиясына, адабий сынына, публицистикасына өзүнүн өчпөс изин калтырды. Кыргыз элинин адабий тилин түзүүгө көп салым кошту. Анын философиялык ой жүгүртүүгө бай поэзиясы, «Таң алдында» романы, «Жараланган жүрөк», «Мезгил учат» повесттери, «Өлбөстүн үрөнү» драмасы өңдүү көптөгөн чыгармалары кыргыз адабиятынын мыкты туундуулары катары жашап кала берет. Профессионалдуу кыргыз адабиятынын теориялык практикалык маселелеринин баарына белсемдүү киришип, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Токомбаевдей жазуучу болгон эмес. Башка жазуучуларга караганда Токомбаев адабият маселелерине масштабдуу жана системалуу түрдө активдүү катышкан. Буга анын 20-жылдардан 80-жылдарга чейинки талаш-тартышууда адабий күрөштүн эң алдыңкы катарында жүргөндүгүн эске алалы. Өзгөчө анын 80-жылдары күн тартибине койгон маселелери, алардын тегерегиндеги бир беткей ызы-чуулар жана акындын көзү өткөндөн кийин чындыктын ал тарапта экендигинин 90-жылдары кайрадан ачыкка чыга башташы Токомбаевдин чоң инсандык беделин ого бетер бекемдеп отурат.
- Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин мамилеси кандай болгон?
- Бул жөнүндө ар кандай ушак кептер, атүгүл Самсак Станалиевдин романы да жаралды. Көчкөн Сактановдун "Муздак дубалдар" деген бир өңчөй субъективдүү, тарыхый чындыктан алыс романы чыкты. Тилекке каршы, окурмандар ушул көркөм чыгармаларды окуп алып, тарыхта ушундай болгон экен деп терс ойлоп жатышат.
Тарых документ менен сүйлөйт дейт. Жыйырманчы жылдардын башы. Түркстан республикасынын борбору Ташкендеги окуу жайдын Касым акыркы, Аалы баштапкы курсунун студенттери болушкан. Касымдын ырлары казак гезиттерине жарыяланып турган. Аалыныкы дубал гезит, кол жазма журналга, анан алгачкы кыргыз гезит «Эркин Тоонун» биринчи санына басылган. Бул ырды ал казактын «Ак жол» гезитине берген. Эркин Тоонун биринчи редактору Осмонкул Алиев бул ырды жактырып, өзү тандап жарыялаган. Аалы ага шыктанып, акындык өнөрдү биротоло тандап, поэзияга баш оту менен киришкен. 1924-жылы «Ленин тууралуу» ырлар жыйнагын басмага сунуштайт. Касым Тыныстанов редактор катары бул жыйнакты жаратпай, бастыртпай коет. Анын негизин өзү жазгандай Лениндин көсөм катары ролун туура ачып берген эмес. Лев Троцкийди жол башчы деп атаган деп идеологиялык каталарды тапкан экен. Аалы Токомбаев буга чүнчүп калбайт. Ыр жыйнагын Ташкенттеги басмаканага сунуштайт. Ал жактан бул китеп 1927-жылы чыгып келет. Мына ушундан кийин 1925-жылы чыккан «Касым ырларынын жыйнагын» жаңы өңүттөн баалашып, Касымды эски доорду самоочу, Токомбаевди жаңы доордун өкүлү катары көрсөткөн талкуулар жүрөт. 1933-жылы «Академиялар кечеси» драмалар цикли Касым Тыныстанов менен авторлош болуп чыгарышат. Бул чыгарманы басма сөз беттеринде, жыйындарда катуу сынга алышат. Аалы Токомбаев да ошол сын айткандардын арасында жүрөт. Бирок экөөнүн мамилеси айрым ушактардагыдай ушуну менен айыгышкан катуу согушка айланган эмес. Жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев «Касым жөнүндө сурамжылаганымда Аалыкем анын акылмандыгын, кеңири билимдүүлүгүн, чечен сөзмөрлүгүн эскерүүчү. «Экөөбүз жыйындарда сындашканыбыз менен көчөдө чогуу басып, шахмат ойночубуз» деп айтканын жазган. Аалы менен Касымдын мамилеси бара-бара жакшырып, экөө 1936-жылы чогуу биргелешип, «Комуз» деген сценарий жазышат. Экөөнүн ынтымакка ыкташкан кызматташуусун жактырбай кыйкым издеп күнөөлөгөндөр да болду. Алсак, «Касым Тыныстанов менен кошулуп контрреволюциячыл «Комуз» деген сценарий жазды» деген саптарды 1937-жылы 7-октябрда «Кызыл Кыргызстанга» жарыяланган Жоомарт Бөкөмбаевдин макаласынан окууга болот. Экөө тең эл душманы катары караланып,абакка камалышканда бир камерада болгонун, Аалынын түрмөдө жазган ырларынан кезигишебиз. Алсак, «Провокация»деген ырында Касым менен баарлашканы, андан бөлүнгөндө көрүүнү эңсегени, кыйбастыгы баяндалат. Буга караганда муңдаштык, сырдаштык экөөнүн дилин тазартканын күбөлөйт. Атаганат, өмүр берсе ошондогу отуздун ортосундагы толукшуган эки азамат Аалы менен Касым өткөнгө өчөгүшпөй, бири илимде, бири адабиятта шынаарлашып жашашмак экен. Баса, ошол апаат жылдары экөөнүн жубайлары Зейнеп менен Тукан эжелер дагы «эл душмандарынын аялдары» катары жумуштарынан, жашаган үйлөрүнөн чыгарылып көчөдө калышканда, бир өзбек кемпирдин үйүн ижарага алышып, чогуу балдары менен жашашкан. Экөө айыгышкан кас душман болсо, үй-бүлөлөрү чогуу мындай болмок эмес да. Бактысы экен, Аалыке түрмөдөн тирүү чыгып, кайтып келгенден кийин согуш бүтөрү менен Касымдын ысмын реабилитациялоого, мурастарын жарыялоого чуркап жүргөнүн бир орус журналисти эскерет. Бирок Аалыга ошол кездеги бийлик жол берген эмес. Өзүнүн башына кайрадан кара булут чүмкөлүп, «улутчул» деп айыптай башташып, «Кандуу жылдар» романын өрттөшкөн.
- А.Токомбаевдин ысымын репрессияга туш болгон жазуучулар, адабиятчылар менен да байланыштырып кетишет. Анда эмне үчүн өзү дагы абакка отуруп чыккан?
-1937-жылкы репрессия тарыхтагы эң кандуу жылга айланды. Элибиздеги баш көтөргөн азаматтарынын баары камалып кетти. Айрымдары атылды. Бул сталиндик режимдин атайын саясаты болгон. Токомбаев дагы ошол саясаттын курмандыгы болуп 1937-жылдын 16-октябрында камалды. Ага коюлган үч кине болгон. 1. СТП (Среднеазиатская партия Турана) деген мифтик партиянын мүчөсү болгон имиш. Бул партиянын мүдөөсү Орто Азияда Туран мамлекетин куруу болгон имиш. Ушул СТП мүчөлөрү деп көп мамлекеттик ишмерлер камалган. 2. Япон шпиону. Буга анын Кыргыз компартиясынын жыйынында «Кыргыз тили мамлекеттик тил болсун» деп айтканы себеп болгон экен. 3. «Ленин тууралуу» ыр жыйнагында Лениндин образын туура эмес көрсөткөн, Лев Троцкийди «вождь», «жол башчы» деген. Бул үчүнчү айыптын коюлушуна Касым Тыныстановдун өкмөт башчысы Белоцкийге 1937-жылы 2-октябрда жазган каты себепкер болгон. Токомбаев канчалаган ур-токмокко кабылса дагы бул өзүнө коюлган үч айыптын бирөөсүн да моюнга алган эмес, эч бир башка адамды каралаган эмес. Анын артынан бир дагы жазуучу, Кыргыз Жазуучулар Союзунун мүчөлөрү камалган эмес. Катуу кыйноого чыдай албай, күнөөнү моюнга алып, башкаларды да каралаган кагазга кол койгондор болгон. Токомбаевдин эрдиги ушунда, эч кимди каралаган эмес, тарткан эмес.
«Тергөөчү: «көрдүңбү, сен душманыңды?
«Мына!» деп дааналады жазган кулду.
Артыкпы анын жаны сеникинен?
Тарткын?!» деп спискесин мага сунду.
Тизмеге жазуучудан онду жазган,
Башыма чарк айланды бийик асман.
«сволочь, провокатор» деп жибердим.
Мага кыл кылгылыкты, тартпайм, атсаң!
«Моржовый!...» деп ийди, шашып калды,
«Токмоктор» дароо мени басып калды.
Билбедим, кантип канча кыйнаганын,
Түшүмдө көрө бердим аккан салды.
Билбедим өзүм соруп жаттым бекем
Сызылган оозумдагы кычкыл канды?
«Төрт күнү өлүп жаттың, балам» деди.
Мен көрдүм калтаңдаган аксак чалды...»
(Провокация. 1938. «Момуя» жыйнагынан. 361-бет). Өзүнүн да кийин эскерип жазганы бар: «Мыкаачы тергөөчүлөр мен камалып кеткенде жандалбастап жазуучулардын мени күнөөлөп айткандарын, жарыялагандарын көргөзүп, «душмандык уюмубузда кошо болгон деп тартпайсыӊбы?» деп зордогон учурлары болду. Эч кимисинин убалына калбадым, керт башым үчүн, актыгым үчүн жооп берем деп не деген азап, кыйноо, токмокту жебедим. Репрессия убагында мени каралаганы кечиримдүү, эч таарынган эмесмин, таарынбайм да».
Аалыкенин айтканынын тууралыгын ички иштер наркомунун 1939-жылы 1-июнь айындагы аны актоо Токтомундагы бул жазуу аныктап турат: «Обвиняемый Токомбаев Алы в предьявленном обвинении виновным себя не признал, в своих показаниях никого не оклеветал. Исходя из изложенного... уголовное преследование в отношении Токомбаева Алы производством прекратить и из-под стражи освободить (мамлекеттик архивден). Ошентип Аалы акталып чыгып, эл арасына кайрадан кошулган. Жазуучулар аны кубанып тосуп алышып, өзүнүн мурдагы орунуна, Жазуучулар Союзунун төрагалыгына кайрадан отургузушкан.
-Аалы Токомбаев согуш учурунда жазуучуларды согушка албоо тууралуу мамлекеттин токтому болсо дагы ага карабай, кыйын акын-жазуучуларды согушка жиберген деген сөз бар...
- Улуу Ата мекендик согуш башталганда Жусуп Турусбеков, Тазабек Саманчин, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов аскерге чакырылган. Аалыке түрмөдө буту сынгандыктан аксап басчу, аны комиссиядан албай коюшат. Аалы өзү эки жолу согушка барам деп арыз жазгандары архивде сакталып турат. Аалы ошондо Өмүркул Жакишев (искусство комитетинин начальниги, азыркы кездеги маданият министри болуу керек) менен чогуу бир топ жазуучулардын аттарын атап, аларды аскерден бошотууга жардам кылсаңыз экен деп, совет армиясынын начальниги Щербаковго, Москвага телеграмма жиберишет да, ошондон кийин Жоомарт, Кубанычбек, Тазабек аскерден бошоп, үйлөрүнө келишет да, Жусуп броньдон баш тартып, аскерге жөнөп кетет. Мукай Элебаев филармониянын артисти катары өзүнүн брону болгон. 1943-жылы көра албаган арызчыл кесиптешинин кесепетинен ошол бронунан ажырап калат да, аны көчөдөн кармап алышып фронтко жөнөтүп ийишет. Анын кеткенин Аалы эмес, аялы Бурулча да билбей калган. Мукай учебкада жүрүп, Аалыга бронь алууга справка жазып берүүнү өтүнүп эки-үч кат жазган. Бул кезде Токомбаев Москвада эки ай болуп калат. Келери менен анын армияга кеткенин угуп, каттарын окуп, чоңдорго кирип, керектүү справкаларды даярдап, Москвага жөнөтүп, Мукайга да кат жазат. Анын каты Мукайга жетпей кайра өзүнө кайтып келген. Бронь даяр болгончо Мукай каза болуп калган. Аалы Узакбай Абдукаимовго, Жума Жамгырчиновго ж.б. жазуучуларга дагы бронь алуу үчүн көп чуркап, чоңдорго кирип, Москвага жазып жүргөндөрү белгилүү. Тилекке каршы, анын аракеттеринин баары эле ийгиликтүү боло берген эмес. Жазуучулар союзу бул мамлекеттик эмес, коомдук мүнөздөгү мекеме болуп, көп нерсе Токомбаевдин колунан келе берген эмес. Ошондуктан Токомбаев жазуучуларды согушка айдаган деген туура эмес. Ал бул жазуучуларды 26-жылдан баштап жаш окуучу, студент кездеринен «Кызыл учкун» деген уюм уюштуруп, өз инилериндей көрүп, канатына калкалап, текөөрлөргө тептирбей, тарбиялап өстүрүп келген. Китептерин редакциялап чыгарып, спектаклдерин койдуруп, гонорар алышына, жумушка орношуна чуркап жардам берген. Өзү камалганда да бирөөсүн дагы каралап, түрмөгө отургузган эмес. Согуш алааматы учурунда да колунан келген жардамын алардан, алардын үй-бүлөлөрүнөн аябагандыгы ал кездеги жазуучулардын каттарынан айгинеленип турат.
«Кызыл учкундан» канат сермеген жазуучуларды Аалыке өзүнүн балапандарым деп атаган экен. Алар дагы тирүү кезинде Аалыкени сыйлап өтүшкөн. 60-70 жылдары бул жазуучулардын баарынын көзү өткөндөн кийин Токомбаев аларды көрө албай согушка айдаган деген жалган, «голословный» ушактар чыккан. Бул чындыкка туура келбейт. Кыргыз эли жакшы сөздөн көрө ушакты жакшы көрөбүз. Ушу күнгө чейин бул миф эл арасында жашап жүрөт. Ал ушакты чыгарган адам жыйында бул айткандары үчүн Аалыдан кечирим сурап, моюнга алса дагы, элге жайылып кетти.
- Жаш жазуучуларга жардам бергенби? Аттарын атап кетсеңиз?
- Аалы Токомбаевдин жаштарга насаатчы, нускоочу катары ишмердүүлүгү өзүнүн мааниси жана масштабы боюнча кыргыз профессионал жазма адабиятында өзгөчө орунду ээлейт. А.Токомбаев таланттуу жаштарга чыгармачылык кеӊеш, көмөк берүүнү ыйык парз катары көргөн. Анын кеӊеши, жардамы, редакторлугу менен жаш жазуучулардын көптөгөн китептери жарык көргөн. Аалы Токомбаевдин чыгармачыл жаштарга өзүнүн кеп-кеӊешин, агалык колдоосун, жардамын аябаган камкордугу тууралу көптөгөн акын-жазуучулар эскерип жазышкан (А.Осмонов, Ж.Бөкөмбаев, К.Маликов, М.Элебаев, Р.Шүкүрбеков, М.Алыбаев, К.Каимов, Б.Сарногоев, Т.Кожомбердиев, Э.Турсунов, Ш.Бейшеналиев, С.Жетимишов, З.Бектенов ж.б.). «Анын көпчүлүктү бир ала жүргөнүн, жаштарды өстүргөнүн, адам болсун деп тереңден алып чыкканын Алыкулдай жаштардын өзү гана эмес, башка бирөөлөр да унутпашыбыз керек... Аалы жөнүндө бул чындыкты сүйлөбөскө бүгүн адамгерчилибигиз барбайт. Тарыхты бурмалаш адамгерчиликке жатпайт» деп жазган күндөлүгүнө Мукай Элебаев.
Жаш жазуучуларды тарбиялоо ишинде Аалы Токомбаев алар менен жолугушуп, кат алышуу менен эле чектелип калбай, басма сөз бетинде да кеп-кеӊешин айтып, жаштарга арналган атайын сын макалаларын жарыялап, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп турган.
«Телчисин, текөөрлөсүн, канат керсин» -
Деп ойлоп, силер үчүн болдум үлгү.
Кактырбай канаттууга каршы турдум.
Тазарттым, баарыңарга болуп сүлгү.
деп жазган экен Аалы жазуучуларга.
-Өзү менен үзөңгүлөш келаткан кайсы жазуучу менен көп жылдар бою каршылашып келишкен?
-Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековдун алгачкы алакасы чыгармачылык ага-иниликтен башталган. Аалы 1933-жылы жыйырмадан жаңы ашкан, талапкер Сыдыкбековдун алгачкы «Күрөш» деп аталган ыр жыйнагын редакциялап, басмадан чыгартып берген. Андан кийин дагы жаш жазуучунун алгачкы кадамдарына жасалган бөгөөттөрдөн кол сунуп өткөрүп, алга сүрөмөлөгөн. «Кең –Суу» романын Мукай Элебаев, Ташым Байжиев ж.б. каардуу сынашканда Аалы Токомбаев алардын терс пикирлерине кошулбай, оң баалап, басмадан китеп болуп чыгышына салым кошкон.
Жаңыдан берилген Жазуучулар үйүнөн бөлмө бердиртип, кургак учуктуу Сыдыкбековго узак мөөнөткө дарылануу үчүн Кара деңиздин жээгиндеги санаторийге (Сухумиге) путевка бердирткен. Аяктан Түгөлбай ден соолугун чыңдап, көңүлү сергип кайткан. Экөөнүн ортосундагы мамилелердин салкындашы Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романы «Ала-Тоо» журналына жарыялангандан бери солгундай баштаган экен. Сандан санга басылган көлөмдүү романдын журналдык вариантын салт боюнча жазуучулар чогулушуп, талкуу уюштурушат. Адаттагыдай эле романды мактоочулар жана сындоочулар чыгышат. Сын пикирди Аалы Токомбаев дагы айтып, оңдоолор киргизүү талабы коюлат. Автор сындын баарын эмес, айрымдарын эске алып, китеп кылып чыгарат. Орус тилине которулуп, Москвадан жарык көрөт. Сталиндик сыйлыктын үчүнчү даражадагы лауреаттыгы ыйгарылат.
Ошондо Сыдыкбековго айрым ушакчылар романды сыйлыкка илинтпеш үчүн Токомбаев ага каршы сыйлык комитетине арыз, токтом жибериптир деп күбүрөшөт: «Кантсе дагы өзүнөн төмөн, мурда анча белгисиз сенин андан өтүп сыйлык алганыңды көрө албады. Өзү жалгыз, макталып көнгөн. Билесиң го, Токомбаев мурда эле талкууда сенин романыңды сындабады беле. Ага карабай лауреаттык сага буйруду» деген шыбырлар Сыдыкбековду ынандырып, Токомбаевге чындап нааразычылыгын артат. Ошо кине жазуучулардын арасында тарала берет. 1956-жылы «Ала-Тоо» журналынын 7-санына Аалы Токомбаев романдын көркөм ийгиликтери жана кемчиликтери жөнүндө макала жарыялайт. Чыгарма жөнүндө ар ким өз пикирин айтууга акылуу.
Бирок муну Сыдыкбеков өзүнө «ич күйдүлүктүн, көрө албастыктын айынан жазды» деп кабыл алат. «Дайым сыйлашып жүрүп, кийин кемчилигин айтсаң кекенип калган» кектин айынан асылып ушул макаланы жазды деп ойлойт. Анан ал ошол эле жылы Ала-Тоонун 12-санына «А.Токомбаевге ачык катын» жарыялады. Анда оппонентинин роман жөнүндө койгон кинелерине жооп берүүнүн ордуна Аалынын керт башына асылган экен. Адабиятка такыр байланышы болбогон, түшкө кирбеген жалаалардын жыйнагы Аалы үчүн укмуштун укмушу болгон. Ал Сыдыкбековго жооп берүү үчүн чындыкка жетип, ушакты ашкерелөө үчүн Бүткүл Союздук Сыйлык ыйгаруу Комитетине кайрылып, Сыдыкбековдун кандидатурасына карата эч кандай арыз жазбагандыгы тууралуу справка алдырат.
Анан Сыдыкбековдун дооматтарына төгүндөөчү жоопторду келтирип, «Ачык катка айкын жооп, же тарых документ менен сүйлөйт» деген макаласын жазат. Тилекке каршы анын бул макаласы убагында ал кездеги эч бир басма сөз беттеринде жарыя кылынбай калат. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети чогулуш уюштуруп, бул талкууну токтотушуп, бүттү-бүттү кылышат. Ал эми калың элдин катмарына Аалы Сыдыкбековго жооп бере албай калды, демек чын экен да деген ушактар тарайт. Аалынын бул макаласы көзү өткөндөн кийин гана 1992-жылы «Чүй баяны» гезитине жарыяланды. Экөөнүн тең замандашы, чыгармачыл шакирти болуп жүргөн жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин байкоосу боюнча «коомчулукту дүргүткөн экөөнүн басма жүзүндөгү кайым айтышы кандайдыр сөөк өчтүүлүктөн эмес, чыгармачылык өзүнчөлүктүн табиятынан жана да, айрым шартта бири-бирине карама-каршы коюп кайраштыруудан ырбагандыгын байкадым» деген.
Эки дөөнүн жөөлөшүндө өчөгүштүн аягы өлгөндүн кийин дагы улантылып, жанаша жашашып, акыркы сапар узатууга катышпай, топурак салышпай, атүгүл артынан жамандоочу макала жарыялаганга чейин жеткенин билебиз. Бирок өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Түгөлбай Сыдыкбеков Эркин-Тоонун 2.04.1992-жылындагы санында берген интервьюсунда өз өмүрүнө кылчая сереп салып отуруп мындай деген экен:
«Аалы экөөбүздү кайраштырып коюп пайда табышты. Ошондон Аалы да, мен да курудум. Болбосо, биздин талаша турган эмне жөнүбүз бар эле. Жолубуз, ордубуз, даңкыбыз да эки башка эмес беле?!».
Бул калетсиз чындык. Анын бул айткандарын Аалыке көзү тирүүсүндө угалбай кеткендиги өкұнұчтүү болду. Сыдыкбеков абийирди, дилди тазартчу бийиктикке көтөрүлө алды. Чагымчылар, көрө албастар Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосуна да тикенек ыргытып, уусун матыртып, арасын алыстатып, бөгөөт түздүрүп, ортодон пайда таап кетишкен. Муну Чыңгыз Айтматов дагы сезип калганын анын Аалыкенин үй музейинин ачылыш аземине келип, акындын кабинетинде көпкө ойлонуп отуруп кеткенинен билсек болот. Айтматов ошондо Аалыке жөнүндө көп жакшы эскерүүлөрүн айтканын өз кулагым менен угуп, көзүмө жаш алып кубанып отурдум.
-Бактыгүл айым, Аалы Токомбаевдин өмүр жолундагы татаал, урунттуу учурлар тууралуу маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Пенделик кылып,анык-төгүнүнө жетпей туруп улуу адамдар тууралуу туура эмес пикирлерди айта бергенди токтотсок... Чыңгыз Айтматовдун «Баарынан кыйыны күнүгө адам болуу» деген учкул сөзүн жашообузда туу тутсак кандай гана сонун болот эле...
P.S. Аалы Токомбаев тууралуу кийинки макала «Аалы Токомбаев энциклопедиясы» тууралуу болот.
Гүлмира Кулумбаева