Жаңылыктар
Кербен: ооруканадан чыккан өрт өчүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кербен: ооруканадан чыккан өрт өчүрүлдү

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок. Жалпы төрт бөлүмдөн 134 бейтап эвакуацияланды. Алар башка бөлүмдөрдө илдетине жараша дарыланып жатат. Жаңы төрөлгөн 6 наристе облустук төрөт үйүнө которулду. Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бир корпусунун чатыры толугу менен күйүп кеткен.