Узак мөөнөттүү курулуш жүргүзгөн компаниялардын реестри түзүлөт. Анда компания тууралуу толук маалыматтар камтылат. Көп кабаттуу батирден үй алууну каалагандар реестрден куруучу ишкана менен тааныша алат. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үйдүн пайдубалы түптөлө баштаганда эле сатууга тыюу салына турганын айткан.