Бишкектеги тыгынды азайтуу максатында быйыл борбордо транспорттук төрт ири түйүн салынат. Бул “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 3-фазасынын алкагында ишке ашырылмакчы. Кытайдан келген эксперттер долбоордун техникалык эсебин чыгарган. Учурда шаардагы тротуарларды оңдоо иштери жүрүп жатат.