Жаңылыктар
Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. 

Атайын кызмат тараткан билдирүүгө караганда, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, учурда «Керемет Банк» ачык акционердик коому 8 млрд сомго Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКсынын акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн, ал эми бул банктын иши ачык эле рентабелдүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес. 

Бул кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, иш боюнча алынган далилдердин негизинде Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы эки орун басары жана башкармалыктын мурдагы эки мүчөсү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.