Жаңылыктар
Баткен бажысынын кызматкерлери 7 тонна контрабандалык минералдык жер семирткич кармашты
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен бажысынын кызматкерлери 7 тонна контрабандалык минералдык жер семирткич кармашты

Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Баткен шаарында КР жараны «С.У.З.» башкаруусунда «Mercedes-Benz Sprinter 413» үлгүсүндөгү унаа токтотушкан.Бажылык текшерип кароодо автотранспорттун жүк бөлүгүнөн Өзбекстан Республикасынан чыккан 70 кап минералдык жер семирткич аммиак селитрасы табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 3 500 кг, орточо базар баасы 147 миң сомду түздү. түзгөн. Жүк бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

Кыргыз Республикасынын жараны «Д.М.Б..» башкаруусунда «Mercedes-Benz Sprinter 413» үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда окшош факт аныкталган. Жалпы салмагы 3500 кг, баасы 147 000 сомду түзгөн аммиак селитрасын контрабандалык жол менен алып өтүү аныкталган.

2 факт боюнча топтолгон материалдар КККБжБЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.