Улуттук банк валюта рыногуна 35 миллион доллар сатты. Муну менен өлкөнүн башкы банкы жыл башынан бери быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, кечээ Улуттук банк 35 млн АКШ долларын саткан. Америкалык валютанын сатуу баасы 87,42 сомду түздү. Бардык сатуу операциялары бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жүргүзүлөт.